Чоң-Алайдан жоголгон россиялык альпинисттин сөөгү табылды
- 4 жыл мурун
Бүгүн, 5-августта, саат 09:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана “Ак-Сай трэвел” туристтик компаниясынын куткаруучулары 6200 м. бийиктиктен альпинисттин сөөгүн табышты.
Альпинисттин сөөгүн 1-лагерге алып түшүшкөн. Ал жердин бийиктиги 4800 м. Эми базалык станцияга (3800 м) алып келе жатышат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда Россиянын 1974-жылы туулган И. И. С. аттуу жараны 27-июль күнү саат 18:40 чамасында Ленин чокусунан түшүп келе жатып байланышка чыккан.
Бирок ошол бойдон байланышка чыккан эмес (“Горы Азии” туристтик фирмасына катталган).
Аны издөө үчүн 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу Ош шаарынан чыгып, саат 00:10до Чоң-Алайдын Кашка-Суу айылына жетип түнөп калышкан.
29-июлда эртең менен куткаруучулар Ленин чокусун көздөй чыгып, саат 10:30да альпинисттердин 1-лагерине жеткен.
Сүрөт: Интернет булактарынан