​Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе, издөө жарыяланат

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова Улуттук Коопсуздук комитетинин башкы башкармалыгы тарабынан адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакырылган.

5-августка чейин суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө келбесе, КР Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык А.Шаикованы издөө жарыяланат.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын, “Инфоком”мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-иши тергелүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикова — айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири.

19-апрелде Алина Шаикова мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымдык кызматынан бошотулган. Анын ордуна Алмаз Мамбетов дайындалган.

Айта кетсек, Мамлекеттик Каттоо кызматынын бир катар жетекчи кызматкерлери паспорттук бланктарды жасоо боюнча тендерди өткөрүүдө коррупцияга жол берген деп айыпталып жаткан.

Паспорт тендери боюнча коррупцияга айыпталып, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев, Каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камалган. Кийин алар үй камагына чыгарылган.

Паспорт чыры боюнча улуттук коопсуздук Комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кеткен.

Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова Идрис Кадыркуловду бул маселеде күнөөлөп чыккан.

Буга УКМК Алина Шаикованын айткандарына жооп берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты