​1-3-августта күн 41 градуска чейин ысый турганын ӨКМ эскертет

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-3-августта күн 41 градуска чейин ысый турганын эскертет.

ӨКМ шашылыш билдирүүсүндө 1-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөрүн билдирди.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты