«ПолитКлиниканын» иликтөөсүнүн негизинде прокуратура иликтөө ишин баштады

«ПолитКлиника» медиасынын “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” аттуу журналисттик иликтөөсүнүн негизинде Октябрь райондук прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

Бул тууралуу райондук прокуратура «ПолитКлиникага» жазган катында билдирди.

Маалыматта Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 25-июнунда №327 токтому менен Ала-Арча дарыясынын жээгинен (Ала-Арча-3 VIP шаарчасы) Нариман Түлеевдин жакын адамдары Э.Жапаров жана К.Дүйшөновдорго турак-жайы жок деген шылтоо менен бекер жер тилкелери бөлүнүп берилип, кийинчерээк ал 6 жер тилкеси Түлеевдин эң жакын адамдарынын колуна өтүп кеткени аныкталганы жазылат.

“Мунун менен Бишкек шаарынын жетекчилери өз кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамды бузуу жолу менен жер тилкелерин беришкен. Сиздер чогулткан маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каттоого алынып иликтенип башталды” деп жазылат билдирүүдө.

“Нариман Түлеевдин жер мафиясы” аттуу журналисттик иликтөө менен бул шилтемени басып тааныша аласыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты