«ПолитКлиника» медиасынын иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын атайын байгесине ээ болду

  • 2 года мурун

«ПолитКлиника» медиасынын «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи» аттуу журналисттик иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын атайын байгесине ээ болду.

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Биринчи орун «МедиаХаб» коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу жана Мээрим Айныкеева биргелешип даярдаган «Калкты карызга батырган финансы махинациялары: «Сомо», «Акчамат», «Финико» аттуу иликтөөлөр сериясына ыйгарылды.

Экинчи орун журналист Мээрим Сырдыбаев менен «МедиаХаб» коомдук фонду биргелешип жасаган «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» иликтөөсүнө берилди.

Үчүнчү орунга «Азаттык» радиосунун журналисти Айбек Бийбосуновдун «Жолдон жоголгон 934 миллион» аттуу иликтөөсү татыктуу болду.

Мындан сырткары “Телевизионная Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко даярдаган “Мыйзамсыз миграция” иликтөөсүнө, «ПолитКлиника» медиасы даярдаган «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи» иликтөөсүнө жана Борбор Азиядагы Америкалык университетинин студенттери Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутутуучу Анастасия Валеевага «Жарака»: эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда?” деген аталыштагы журналисттик изилдөөсүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом берилди.

Журналисттик иликтөө фондунун маалыматына караганда, быйыл сынакка 80ден ашуун материал келип түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты