23-октябрда Бишкекте жарандык активисттер менен саясатчылар массалык баш аламандыкка даярдык көрүүгө айыпталып, камакка алынган. Алардын басымдуу бөлүгү бир күн мурда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине кирген. Дал ошол тапта социалдык тармактарда жана YouTube-каналдарда “бузукуларды камагыла” деген бир нече миң билдирүү пайда болгон.
Bulak.kg кастыкты козуткан бул билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү чыныгы колдонуучулар тарабынан эмес, фейктер тарабынан жасалма жол менен көбөйгөнүн аныктады.
Жасалма талкуу
Бул тасмада улуу муундун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан. Алардын бири тасмага тартылуудан мурда бир нече күн толгонуп, ойлонгонун айтты.
“Садыр, сен бийликке президент болом деп келгенде “эмне десеңер ошону аткарам, жанымды берем” дедиң эле го. Ал эми кечээ келгенде эмне болдуң? Качып, бекинип келдиң го? Жаныңа Камчыны алып. Эмнеден коркосуңар?” деди ал.
Бул тасманын алдына кастыкты козуткан бир нече комментарий калтырылган:
Биз Кемпир-Абад суу сактагычын коргогондордун дарегине карата ушул сыяктуу терс пикирлердин басымдуу бөлүгүн чыныгы колдонуучулар эмес, фейк менен троллдор жасалма жол менен көбөйтүп жазганын аныктадык. Ал үчүн интернетте калтырылган маалыматты электен өткөрүп, белгилүү бир сөздөр аркылуу сууруп алып чыккан Semanticforce аттуу атайын программаны колдондук.
Программанын тиешелүү бөлүмүндө социалдык тармактарда көбүнчө терс билдирүүлөрдө камтылган “бузукулар”, “камагыла”, “батышчылдар” ж.б. сөздөр аркылуу издөө салдык.
Жыйынтыгында 2020-жылдын 1-октябрынан 1-ноябрына ар кандай жаңылыктын алдына жалпы жонунан 16 миңден ашуун комментарий чыкты.
Система көрсөткөндөй, активисттерге каршы терс пикирлер октябрь айынын башында эле жарыяланып келген. Ал эми массалык камоо учурунда жана андан кийинки күндөрү (23, 24, 25-октябрда) ар кандай YouTube-каналдарда миңдеген комментарийлер пайда болгон.
Окшошкон билдирүүлөр
Ошол эле системанын жардамы менен бир эле автор ондогон билдирүүлөрдү калтырып атканын көрүүгө болот.