​15- сентябрда «Ак илбирсти сактайбыз!» аттуу марафон уюштурулат

  • 5 лет мурун

Бишкекте 15-сентябрда «Ак илбирсти сактайбыз!» аттуу биринчи эл аралык кайрымдуулук жарышы өтөт.

Жарыш борбор шаардын көчөлөрүндө болот.

Катышуучулардын взносунан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо боюнча фондго (GSLEP) которулат.

Жарыш 1 км, 14 км жана 21 км аралыкка чуркоо менен коштолот.

Бул чуркоо боюнча жарыш КР Өкмөтүнүн, Жаштар, дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосунда өтөт.

Башкы демөөрчү — Бакай банк.

Уюштурууучулар Номад спорт жана Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо боюнча глобалдык программа (GSLEP).

Жарыштын жалпы байгеси — 4 500 000 сом.

Онлайн катталуу үчүн https://www.nomadsport.kg/ сайтына же «Номад спорт» кеңсесине кайрылыңыздар. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 171/1, 4-кабат

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты