​Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Буга чейин кандай чыр, жаңжал болгон? Карточкалар

  • 5 лет мурун

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Бул чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген

23-июлда тажик тараптан ок атылып, чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын ал жеринде күчөтүлгөн иш режими киргизилди.

Кыргыз — тажик чек арасындагы чырдан тажик тараптан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын- алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ушундан улам буга чейин кыргыз-тажик чек арасында кандай чыр, жаңжал болгонун эстеп көрөлү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты