​Эко-арт лагерь катышуучулары ак илбирс көрүштү

  • 5 лет мурун

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьеводогу Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирс көрүштү.

20 дан ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, суроолоруна жооп ала алышты.

Балдарга ак илбирс аттары, жашы, эмне себептен улам борборго түшкөндүгү кызык болду.

Лагерге катышуу үчүн балдар үчүн атайын конкурс жарыяланган, анда ак илбирстин сүрөтүн тартып, макал-лакап жазыш керек болчу. Конкурска балдар активдүү катышып, жыйынтыгында эң мыктылар тандалган.

Лагерь 20-июлда башталып 28-июлга чейин Кара-Кужур жайлоосунда уланат.

Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт.

Лагерь “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси NABU тарабынан өткөрүлүп жатат.

Сүрөттөр: Аталган фонддун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты