Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун директору Широков менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоорлук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

Жээнбеков Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча кошумча макулдашууну ишке ашыруу өлкөдө энергетикалык кубаттуулукту арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди.

Андрей Широков ирригациялык тармак. таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер башталганын маалымдады.

Ошондой эле энергетика, транспорт, саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу улана турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты