Эльдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду
- 5 лет мурун
Эльдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Кызматтан бошотуунун себеби Абакировдун башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу деген маалымат тарады.
Ал экономика министринин орун басары болуп 2016-жылдын 26-майында, ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматка алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү