Кыргызстандык өнөрпоз балдар француздарды суктандырды
- 5 лет мурун
«Дүйнө балдары-Францияда!» аттуу эл аралык балдар фестивалында кыргызстандык өнөрпоздор француздарды суктандырды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
№4 балдар искусство мектеби, вокалдык-хореографиялык «Адис» ансамбли жана «Нур» фольклордук ансамбли Францияда 10 күн болушту.
Ал жакка 10 өлкөнүн өнөрпоз балдары барган.
Кыргыз балдар бул иш-чаранын эң жаш катышуучуларынан болушту.
Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү