Бишкекте күндүн ысыгы 38-40 градуска жетүүдө
- 5 лет мурун
Гидрометеорология кызматы бүгүн, 19-июлда, Бишкекте абанын температурасы күндүз 36-38 жетет деп билдирген. Саат 19:да Бишкекте +38 градус экенин билдирүүдө.
Синоптиктер кечээ, 18-июлда, Бишкекте эң ысык күн болуп, абанын температурасы +40 градуска жеткенин бүгүн, 19-июлда, билдирди.
Алардын айтымында, келерки жумадан баштап, бир азыраак салкындайт, абанын температурасы +31-36 градуска жетет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү