“Унаа” ишканасында коррупциялык схема аныкталды
- 5 лет мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Унаа” мекемесиндеги корупциялык схеманы аныктаганын билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен ЕАЭБга мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизгени белгилүү болгон. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында коррупциялык схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” үлгүсүндөгү эки машина кармалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын сеткасына ылайык өлкөгө кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн. 608 миң сом зыян келген. Учурда буга тиешеси бар тараптар жана аталган меекеменин кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.
2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган.