15 млн сомдук зыян: подрядчы уюмдун жетекчиси кармалды
- 8 месяцев мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылында фельдшердик-акушердик пунктту жана канализация тармагын куруу үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды.
Аудитордук текшерүүдө мамлекетке 15,3 миллион сом зыян келтирилгени белгилүү болду. Бул иштин алкагында «ВИТУ-ВИИТ» жана «АКААНА» ЖЧКларынын жетекчиси «К.Н.К.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыянды өндүрүү боюнча иштер уланууда.
Муну бөлүшүү




