​Бишкекте медициналык пластырь өндүргөн кореялык ишкана ачылды

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Би Кей Медикеар» түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун Бишкектеги филиалынын 16-июлдагы ачылыш салтанатына катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, атамекендик фармацевтикалык рыноктун өзгөчөлүгү анын импорттон көз карандылыгы, ал эми дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жылдык көлөмү 12 млрд сомду түзөт.

«Бүгүнкү күнү компания 50 жумуш ордун түздү, мындан ары 500 чейин жумуш ордун түзүү күтүлүүдө» деди Жеңиш Разаков.

Компания жылына ар түрдүү багыттагы 180 млн ашуун медициналык пластырь өндүрүүнү пландаштырууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты