Ак-Тилек постунан мыйзамсыз товар ташыгандар кармалды

  • 5 лет мурун

«Ак-Тилек» постунан битум, трансформатор, жыгач жана жарык берүүчү лампа ташып келүү боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

Салык кызматынын кызматкерлери 13-14-июлда кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү боюнча бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Алсак, товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок 35 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган.

Салыкчылар ошондой эле 27 тонна битум, 9 миң 500 жарык берүүчү LEDлампа жана 4 трансформатор алып келинген фактыларды аныкташты. Импорттоочулардын колунда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты бар экендиги аныкталган.

Мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты