​Түркмөнстан: Табыптар президенттин дары чөптөр китебин пайдаланууда

  • 5 лет мурун

Түркмөнстанда салттуу эмес жолдор менен дарылоо ыкмасын колдонгон айрым табыптар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун дары чөптөр жөнүндөгү китебин пайдаланып жатышат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Бердымухамедов өлкөнү башкарган 12 жыл ичинде 50дөн ашык китеп жазган. Анын ичинде «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» жыйнагын жазган. Президенттин чыгармачылыгы өлкөдө расмий пропагандаланат.

Анын дары чөптөр жөнүндөгү китебине өлкөнүн расмий медицинасы да кайрылган учур болгон.

Дары чөптөр тууралуу аталган китеп 2017-жылдын 4-сентябрында чыккан.

2018-жылы октябрда Саламаттык сактоо министрлиги калкка мамлекет башчынын китебинде көрсөтүлгөн чөптөрдөн жасалган чай ичүүнү сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты