​»Ак-Тилек» пунктунан мыйзамсыз товар ташып кирүүгө бөгөт коюлду

  • 5 лет мурун

«Ак-Тилек» пунктунан 40 тонна түтүк жана 42 тонна макулатураны мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан түтүк жана макулатураларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Атап айтканда, 40 тонна түтүк (НКВ), ошондой эле 42 тонна макулатура алып келе жаткан унаа кармалган.

Импортчулардын товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Аталган фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршыв күрөшүү кызматына өткөрүлуп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты