​Икрамжан Илмияновдун ишин Октябрь райсоту карайт

  • 5 лет мурун

8-июлда Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго жана мурдагы салык инспектору Р. Шакировго айып актысын түзүп, кылмыш ишин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберди.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Илмиянов 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча кылмыш ишине шектелүүдө.

Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 204 — беренеси, ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айып тагылууда.

Илмиянов менен кошо Бишкек шаарынын салык инспектору Р. Шакиров Кылмыш-жаза кодексинин 320-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы мурдагы президенттин мурдагы кеңешчиси Илмиянов боюнча ишти сотко чейинки өндүрүштө тергеп бүтүп, Баш прокуратурага жөнөткөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты