​Марклен Баялинов дүйнө салды

  • 5 лет мурун

86 жаш курагында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, экс-маданият министри, Улуттук киноискусство академиясынын академиги Марклен Касымалиевич Баялинов дүйнө салды.

Бул тууралуу журналист Елена Баялинова фейсбук баракчасында жазды

Марклен Баялинов 1933-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.

1958-жылдан баштап Марклен Баялинов маданият министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген, 1985-1989-жылдары Кыргызстандын маданият министри болгон.

Кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Опера жана балет театрынын директору кызматтарын да аркалаган.

Марклен Баялинов айтылуу Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун уулу жана белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын БУУ жана эл аралык уюмдарындагы экс-өкүлү Камил Баялиновдун атасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты