​Россиядагы элчи Жекшенкулов Путинге ишеним грамотасын тапшырды

  • 5 лет мурун

3-июлда Кремль сарайынын Александровский залында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын Президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын алдында сүйлөп жатып, Владимир Путин мындай деди:

“Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө ээ. Биздин өлкөлөр евразиялык интеграция процесстерине, катышууда, анын ичинде Евразиялык экономикалык союздун алкагында тыгыз өз ара байланышта, ЖККУ багыты боюнча эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин иштешүүдө. Март айында өткөн Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапар соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташуунун жаңы баскычтарын жаратты” деп белгиледи.

Сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты