Байгончоков финансы министринин орун басарлыгынан бошотулду
- 5 лет мурун
Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Финансы министринин орун басары болуп Байгончоков 2010-жылдын июль айынан бери иштеп келе жаткан.
Муну бөлүшүү