​Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

  • 5 лет мурун

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн экс-башчысы Манас Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди.

Анын видеосу «Ала-Тоо-24» каналынын «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эн жакын адамдары» аттуу фильмде айткандары жарыя болду.

Арабаевдин айтымында, Раиса Атамбаева аны КЛС курулуш компаниясынын иши сотто каралып жатканда ага жардам берүү тууралуу суранган.

«Ошондой жолугушуулардын биринде башка адамдар да бар болчу, бир жолугушууда анын уулу Раис да болгон. Алар курулуш компаниясына тиешелүү ишти карап жатканда көмөк берүүнү суранышкан» деди ал.

Ошондой эле Раиса Атамбаева судья Элвира Жаркеевага да жардам берүүнү суранганын билдирди.

«УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов аркылуу «судья Жаркееваны жөн жайына койсун» деген» деди ал.

Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаев 2018-жылдын май айында кызматынан бошотулган.

2-июнда Арабаев кармалып, УКМКнын абак жайына камалган. Ал коррупцияга шектелүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты