​Токмокто кафедеги тойдо жүзгө жакын киши ууланды

  • 5 лет мурун

Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесинде 29-майда өткөн тойдон тамак жегендердин арасынан 93 киши жардам сурап медициналык жайга кайрылды. 39 киши ооруканага жатты.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кафеде өткөн үйлөнүү тоюна 256 киши катышкан.

Меймандар Токмок, Бишкек, Кочкор жана Ысык-Көлдөн келген. Ошондуктан жардам сурап кайрылгандар жана ооруканага жаткандар да ар тарапта экендиги кабарланууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты