Конституциялык палата жетекчилери үч жылдык мөөнөткө шайланды
- 5 лет мурун
Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчы кечээ, 1-июлда, кайра шайланды.
Конституциялык палатанын жетекчилигинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 30-июнунда аяктагандыгына байланыштуу, мыйзам талаптарына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын жыйыны тарабынан төмөнкүдөй жаңы жетекчилик курам шайланды:
Конституциялык палатанын төрагасы болуп Карыбек Дүйшеев;
төраганын орун басары –Эмил Өскөнбаев;
судья-катчы болуп – Мээргүл Бобукеева шайланды.
Конституциялык палатанын жетекчилиги үч жылга шайланат.
Сүрөт: Мекеменин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү