​Адахан Мадумаров: “Эки тарапта тең күнөө бар” (Видео)

  • 5 лет мурун

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Мадумаров эки тарап тең сөзгө келиши керек деп, улут уюткуларына кайрылды.

—Бүгүнкү кырдаал эч кимибизге абийир алып келбейт.

Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал эки достун барымтасында айланып калгандай сыяктанат.

Биз эки тарапка бөлүнүп алып, кимиси утат, кимиси утулат деген сыяктуу маселелерге жооп издеп калдык. Андай болбойт, урматтуу замандаштар.

Эки достун ортосунда чырда биз байкоочу гана болуп калып жатабыз. Бул уят, жакшы эмес көрүнүш.

Бизде соңку эчен жылдардан бери эл жазуучулары, эл акындары, улуттун уюткулары барбы деген суроо жаралып келет. Бүгүн да ошол суроону берем.

Эрегишүүнүн артында мамлекетке аябагандай доо кетип жатат. Эки тарабынын тең айырмачылыгын көрбөй турам. Эки дос биргелешип жасашкан.

Мен анын президенттиги легитимсиз деп шайлоо бүткөндөн кийин айткам. Жыйынтыгы мына азыр көрүнуп турат.

“Эрегиштен эр өлөт” дегендей, сырттан душманчылык кылгандар көп, биз жем болуп калбасак экен.

Интеллигенттерибиз кайдыгер болбосо, ушул деңгээлге жетмек эмеспиз.

Акыл сөз айткан аксакалдарыбызды күтуп тургам. Мен эки тарапты тең ийге чакырам. Конституциялык талаага келиңиздер, — деди Адахан Мадумаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты