​Прокуратура мектепке барууга жасалма справка бергендерди аныктады

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы мектепке жалган документтер менен кабыл алуу фактысын аныктады.

Свердлов районунун прокуратурасы №38 мектепти жана Бишкек шаардык мэриясынын №19 муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерген.

Анда №19 аймактык башкармалыгы окуучуларга ушул жылдын февраль айынан май айына чейин мектепке барыш үчүн жашагандыгы тууралуу 14 справка берген.

Ал справкалар окуучуларды мектепке кабыл алуунун электрондук каттоо системасына киргизилген.

Алсак, 12-февралда №38 мектепке М.А. нын документи кабыл алынган. Ага берилген туулгандыгы тууралуу справкада “Аламүдүн-1” кичи районунда жашайт деп көрсөтүлгөн.

Бирок ал окуучу «Туңгуч» кичи районунда жашаганы жана жашаган жери боюнча №38 мектепке караштуу эместиги аныкталган.

Бишкек мэриясынын Свердлов районунун муниципалдык администрациясы кызмат абалынан пайдаланып, жашагандыгы тууралуу справканын бош бланктарын алып жана мыйзамсыз толтуруп, окуучулардын ата-энелерине берип турган.

Мына ушундай жол менен №38 мектепке кабыл алынган 15 окуучунун жашаган жери тууралуу справкасы жасалма болуп чыккан.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-Жаза кодексинин 320 жана 329-беренелери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бишкек шаарынын башка мектептери да текшерилип жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты