“Мыкты манасчы” сынагы аяктады
- 5 лет мурун
V Дүйнөлүк эпостор фестивалынын алкагында жарыяланган “Мыкты манасчы”сынагы жыйынтыкталды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Мыкты манасчы” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
1-орун Жанат Канат уулу – 50 000 сом, 2- орун Нурбек Талантбеков жана Гүлжигит Кубанычбеков – 30 000 сом, ал эми, 3-–орун Төлөбек Муса уулу жана Улукбек Билашев 20 000 сом менен сыйланды.
Эске салсак, манасчылар арасындагы сынакка 14 манасчы катышкан.
“Мыкты манасчы” кароо-сынагы 27-28-июнь күндɵрү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн.
Сүрөт: Мнистрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү