​Таалайбек Толубаев «Электр станцияларынын» баш директору болду

  • 5 лет мурун

«Электр станциялары» ачык акционердик коомуна (ААК) Таалайбек Толубаев баш директор болуп дайындалды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Толубаев энергосекторун мыкты билген өндүрүшчү жана жетекчи.

Эмгек жолун «Нарын гидро-энерго курулушта» электромонтажчыдан баштап, Таш-Көмүр ГЭС, Токтогул ГЭС каскадында жетекчи кызматтарда «Электр станциялары» ААКта баш директордун биринчи орун басары болуп иштеген.

Мурдагы баш директор Аскар Эшимбеков 2019-жылдын март айында мезгилсиз кайтыш болгон. Толубаев буга чейин баш директордун милдетин аткарып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты