«Чоң жыйырмалыкта» Путин менен Трамп жолугушту
- 5 лет мурун
Россия Президенти Владимир Путин менен АКШнын Президенти Дональд Трамп Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан «Чоң жыйырмалык» жыйыны алкагында жолугушту.
Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Иш-чара бир саатка пландалса, алардын жолугушуусу дээрлик бир жарым саатка созулду.
Лидерлер орус-америкалык мамиле тууралуу пикир алмашты, ошондой эле Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы абалды талкуулады.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү