​Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү

  • 5 лет мурун

Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма жаратылды.

Анын бет ачары болуп, чакан чөйрөгө көрсөтүлдү. Ушул ишембиден баштап, жалпы көрүүчүлөргө тартууланат.

Жусуп Абдрахманов тууралуу тасманын сценарийин журналист Бакыт Орунбеков жазган, режиссеру Эрнест Абдыжапароов, Аскар Салымбеков продюсерлик кылган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы улутчул деп айыпталып, атууга кеткен.

Авторлор Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн пайдаланышкан, жергиликтүү материалдарды жана Москва, Ташкент, Алматынын архивдеринен, ал тууралуу материалдарды чогултушкан.

Тасмада ошондой эле Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов тууралуу да баяндалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты