Осакада “Чоң жыйырмалык”- G20 саммити башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 28-июнда, Жапониянын Осака шаарында “Чоң жыйырмалык”— G20 саммити башталды. Ишчара эки күнгө созулат.

Ага дүйнөдөгү эн ири жыйырма өлкөнүн лидерлери катышат. G20 тобунда АКШ, Россия, Франция, Кытай, Индия, Жапония жана Мексика бар.

Саммиттин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин орус президентинин өкүлү тараптар стратегиялык туруктуулук жана аймактагы жаңжалдар тууралуу кеп козгошорун билдирген.

Анын ичинде Украина, Сирия, Корей жарым аралы, Ооганстан жана Венесуэладагы абал жана “иран программасы” бар.

Өткөн жылдын аягында «Чоң жыйырманын» Буэнос-Айрестеги саммитинде АКШ менен Орусиянын президенттери жолугары бир канча жолу айтылган.

Бирок ал жолугушуу болбой калган. Ага Керч кысыгындагы украин-орус деңиз аскерлеринин чатагы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты