​Бишкектеги Көлмө конушунда балдар аянтчасы ачылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-июнда, Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда андагы жаштардын демилгеси менен балдар үчүн ойноо аянтчасы ачылды.

Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата ж.б. 10 конуштун жаштары жаңы конуштарга социалдык объект куруу боюнча долбоор жазышкан. Ал колдоого алынган.

Көлмө конушунун жаштары балдар үчүн ойноо аянтчасы керектигин белгилеген. Конушта эс алуучу, спорттук жайлар, парк, балдар аянтчасы жок болчу.

Жаштардын демилгесин колдоо БУУнун үч агенттиги жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Салтанаттуу ачылышты конуштун жаштары уюштурду. Алар конокторго концерттик программа, бөбөктөргө оюн тартуулап, чакан белек берди.

Иш-чарага конуш тургундары, муниципалдык аймак башкармалыгынын, Биринчи май районунун акимчилигинин, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, жаш лидерлер катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты