​Батукаевдин иши боюнча врач Макимбетов үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча камалган онколог Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылган.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы ырастады.

Дарыгердин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда 25-июнда каралган. Үй камагына чыгаруунун себеби айтылган эмес.

Батукаевдин бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соту мурдагы Баш прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртулгөн.

Ушул эле иш боюнча лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева да кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Чүйдүн Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак дарты менен ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жогоруда белгилегендей, жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты