Каракол шаарынын күнүнө карата бир жарым тонна ашлямфу жасалат
- 5 лет мурун
1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленет.
Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык программанын ичинде тамак-аш даярдоо да бар. Караколдук ашпозчулар бул күнү бир жарым тонна ашлямфу жасоону пландаштырууда.
Ашлямфу- фест 1-июлда саат 15:00 те башталат.
Саат 16:00 дө этнофестиваль башталат.
Саат 21:00 де майрамдык гала-концерт болот. Анда Атай Өмүрзаков жана «Адем» бийчилер тобу, Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Аяна Касымова, Ильяс Андаш ж.б. ырдайт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү