Саясий туткундарды колдоо боюнча телемарафон өтөт

  • 5 лет мурун

Эртең, 26-июнда, «Апрель» телеканалы «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» боюнча 16 сааттык телемарафон өткөрө турганын жарыялады.

Саат 8:00дөн 24:00гө чейин түз эфирде мыйзамсыздык, саясий куугунтуктоо, бул көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу маектешүүлөр болот..

Медиа Форумдун алдында «Эркин микрофон» акциясы жүрөт. Ал «Апрель» телеканалы тарабынан уюштурулган «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонунун алкагында өтмөкчү.

Иш-чара саат 10:00дөн 18:00гө чейин болот. Акцияга өлкөдөгү абал, мыйзамсыздык жана саясий куугунтуктоо тууралуу өз оюн билдиргиси келген жарандар катыша аларын уюштуруучулар билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты