​Тарых музейи жана ат майданы боюнча сот 2-июлда уланат

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча сот отуруму бүгүн, 25-июнда, башталды. Кийинки сот отуруму 2-июлда улантылмай болду.

Адвокаттар сотто иш 37 том болгондугуна байланыштуу иш менен толук таанышып чыгууга убакыт жетпей калганын айтышты.

Сот Айбек Эрнис уулу адвокаттардын айтканынан улам, сот отурумун 2-июлга жылдырды.

Тарых музейин реконструкциялоо жана ат майданы боюнча кылмыш иши өткөн жылы козголгон.

Мында коррупция боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковго, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага, Мамкурулуш жетекчисинин экс-орун басары Алмазбек Абдыкаровго, Турак жай, жарандык курулуш департаментинин башчысы Шайбек Атамбековго, анын орун басары Улукбек Матисаковго, СМУ-3 ЖЧК учредители Айдарбек Мендеевге козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча бул иштердеги коррупциядан мамлекетке келтирилген зыян 240 млн сомду түзөт. Анын 101,6 млн. сому траых музейинен, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян деп айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты