Стамбулдун мэрин шайлоодо кайрадан оппозиция өкүлү жеңди

  • 5 лет мурун

Стамбул шаарынын мэрин шайлоо жекшембиде, 23-июнда, болуп өттү. Анда оппозиция өкүлү Экрем Имамоглу кайрадан жеңишке жетишти.

Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынан мэрликке талапкер, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым оппозициячыл атаандашы Экрем Имамоглуну жеңиши менен куттуктап, жаңы мэр стамбулдуктардын кызыкчылыгына кызмат өтөйт деген ишенимин билдирди.

Жекшембиде өткөн мэр шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу бюллетендердин 95% саналып бүткөндөн кийин добуштардын 53% ашыгын алды.

Башкаруучу партия талапкеринин айтымында, шайлоо түрк демократиясынын кынтыксыз экенин далилдеди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын өкүлү, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым 45 пайыздын тегерегинде добуш топтоду.

Быйыл 31-марттагы мэр шайлоодо 2002-жылдан бери бул шаарды башкарып келген Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын талапкери утулуп, оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу жеңүүчү деп жарыяланган.

Ал Йылдырымдан 15 миң добушту көп алып, 18-апрелде кызматына киришкен. Бирок башкаруучу партия добуш берүүдө бурмалоого жол берилген деген жүйө менен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты