Жаш дипломаттардын жайкы эл аралык мектеби ишин баштады

  • 5 лет мурун

Ысык-Көлдө жаш дипломаттардын жайкы эл аралык лагери ишин баштады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жайкы мектептин ишине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Туркмөнстан, Афганистан жана Монголиянын тышкы иштер министрликтеринин кенже звеносунун дипломаттары катышууда.

Жайкы лагерди Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия өткөрүп жатат.

Иш-чаранын максаты аймактын дипломатиялык кызмат өкүлдөрүнүн өз ара мамилесин өнүктүрүү жана белгиленген тема боюнча пикир алмашуу болуп саналат.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты