​Сүрөткө түшөм деп сууга кулаган окуучу кыз каза тапты

  • 5 лет мурун

Аламүдүн суусунун боюнда селфи жасайм деп сууга кулаган 9-класстын окуучу кызы каза болуп калды. Алар класс жетекчиси жана ата-энелер менен жаратылышка эс алууга чыккан.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 23-июнда, милицияга Аламүдүн суусуна өспүрүм кыз кулап кеткени кабарланган.

Милиция окуя болгон жерге барганда 9-класстын окуучулары класс жетекчиси жана ата-энелер менен жаратылышка эс алууга чыкканы аныкталган.

Болжолдуу саат 19 да эки кыз суунун боюнда сүрөткө түшүп жатканда, анын бири, 16 жаштагы И.Д. нын буту сыйгаланып, сууга түшүп кеткен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыздын сөөгү бүгүн, 24-июнда, табылганын кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты