​Сот Атамбаевдин жана анын жакындарынын банк кутуча, банк эсептеринин документтерин алууга уруксат берди

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерин жана банк кутучаларынын документтерин алуу чечимин чыгарды.

Анда Алмазбек Атамбаев, Раиса Атамбаева, Кадырбек Атамбаев, Алия Шагиева, Сеилбек Атамбаев, Сейитбек Атамбаев, Диана Атамбаева, Динара Атамбаева, Нурбек Шаршенов, Луиза Шагиева, Альбина Шагиева, Артур Байбурин, Лилия Байбурина, Жибек Рахмаджанова, Аэлита Сатыбалдиева, Раиса Бектемирова, Рамил Шагиев, Азиз Темирбеков, Пархати Субихи, Ахмет Кая, Дамир Мусакеев, Кайрат Абдуллаевдин банк кутучалары, банк эсептери текшерүүгө алынат.

Ал эми КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева соттун чечимине карата тактоо киргизди:

«Биринчиден, сот коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди жада калса, алдын- ала кабарлабай туруп, алууга макулдук берди.

Экинчиден, Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай, банк кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да камак салынган.

Үчүнчүдөн, сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмеси бүт туугандардын чөйрөсү болуп чыкты. Тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн, ал тургай, анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыкты.

Тизмеде экс-президентке эч кандай тууганчылыгы жок Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев да бар. Бизге маалым болушунча, анын эч кандай депозиттик эсеби, банктык кутусу да болгон эмес.

Бийлик экс-президенттин үй-бүлөсүнөн, жок дегенде бирдеме болсо да «чукуп» тапкысы келип, аны менен адамдардын көңүлүн башка үй-бүлөдөн алагды кылгысы келип жатканы түшүнүктүү.

Экс-президенттин айланасындагы мындай театрлашкан оюндар бат эле ойрон болооруна ишенебиз,- деди Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеште колдоо тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты