Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом кабыл алды
- 4 жыл мурун
Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-июнда, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана күнөө коюу боюнча атайын комиссиянын корутундусун талкуулап, токтом кабыл алды.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтомго катышып жаткан 105 депутаттын 100 ү макул деп добуш берди, алты депутат каршы болду.
Жогорку Кеңештин кабыл алган токтому Баш прокуратурага жөнөтүлдү.
17-18-июнда атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча маселе караган. Андан кийин корутунду чыгарган.
Айта кетсек, экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ЖЭБке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда.
Ал эми Кыргызстан социал-демократтар партиясы депутаттык бул комиссия мыйзамсыз түзүлгөн жана Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу да мыйзамсыз болот деп эсептейт.
Ал эми бул маселеде ким кандай добуш добуш бергени: