​Карамат Орозова: «Парламентте жеке таарыныч, өч алуу болуп жатат»

  • 5 лет мурун

Депутат Карамат Орозова акыркы кездерде парламентте өкүндүргөн нерсе-жеке таарыныч, өч алуу болуп жаткандыгын билдирди.

—Экс-президенттин кызматтан кеткенинен бери 1,5 жыл өттү. Сиздер Атамбаев президент кезинде жылуу сөздөрдү айткансыздар. Айрымдар Атамбаевдин атын «Түндүк—Түштүк жолуна коелу», «журт атасы» дегенсиздер. Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилди. Көпчүлүгүңүздөр сый алгансыздар,- деди Карамат Орозова.

—Кыргыз-россиялык фондун ким алып келди? Канчалаган эмгек акы көтөрүлдү, аскер кызматкерлерине, ички иштер кызматкерлерине үй берилди.

Курулуштар курулганда чөнтөгүңөрдөн акча кеткендей болуп лента кескенсиңер. Депутаттар биз документтерге ар бир койгон колубузга жооп беришибиз керек.

40 депутаттын демилгеси менен экс-президенттин статусу алына албайт, кооомчулук, эл турат. Элдин назарынан, пикиринен кеткен жаман.

Тарыхта атыбыз жаман болуп калат, — деди депутат Орозова.

Ошондой эле Орозова экс-президенттин ишин кароо баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду экс-президен Атамбаевдин ишин калыс кароого чакырды.

—Тарыхты, өлкөнүн келечегин, өзүңүз жана үй-бүлөңүздүн, балдарыңыздын келечегин ойлоп, мыйзамдуу чечим кабыл алышыңыз керек. Эгер андай кылбасаңыз, убагы келет, жооп берип калышыңыз мүмкүн, — деди Карамат Орозова

Андан ары Карамат Орозова саясий интриганын ордуна Кыргызстандын ар бир облустарынын маселесин чечели деп чакырык таштады.

Бүгүн, 20-июнда, Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Комиссия Алмазбек Атамбаев алты айып боюча күнөөгө шектүү деп тапкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге чет элдиктерге курал белекке берүүсү, Кой-Таштагы жана башка жерлердеги жер участогун трансформациялоо, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, АКА петролеум, АКА инвест, Терек-Сай жаштары ж.б. фирмаларга Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болушу, ошондой эле Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоого, андагы коррупцияга тиешеси көмүр ташып келүүгө тиешеси болушу, өз режимине каршы чыккандарды куугунтуктаганы Дача -Суу ж. б. айып коюлат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты