КТРК Атамбаевдин жактоочуларынын жыйынын чагылдырбаганын Карамушкина билдирди

  • 5 лет мурун

КСДП Ирина Карамушкина бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында Коомдук телерадио компаниясынын отчету учурунда КТРК объективдүү болбой жатканын белгиледи.

Депутаттын айтымында, КТРК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын кечээ, 18-июнда, өткөн пресс-конференциясы тууралуу кыскача да сюжет даярдабаганын, дегеле маалымат уктурбаганын баса белгиледи. Бул анын объективдүүлүгүнө, көрүүчүлөрдүн ар тараптуу маалымат алуусуна доо кетирерин айтты.

—Канал мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатат. Сиздер толук маалымат бербей, жарандардын укугун бузуп жатасыздар,- деди Ирина Карамушкина.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев КТРК объективдүү боло албай жатканын моюнга алды.

—Биз материалдарды бир тараптуу чагылдыруу практикасынан арылышыбыз керек, — деди Жекшеев.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты