Робин Орд Смит Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы болуп шайланды

  • 5 лет мурун

Улуу Британиянын экс-элчиси Робин Орд Смит Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп шайланды.

Бул тууралуу «Акчабар» порталы Азамат Акенеевге шилтеме берип кабарлады.

Бул кызматка Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мүсүралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулу Ахметова да ат салышкан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Бизнес-омбудсмен ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин камсыздоого жана алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышына багытталган.

Бизнес-омбудсмендин өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылуу жана даттанууларын карайт. Бизнес-омбудсмен жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик) ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты