​Айбек Бусурманкулов: «Дастан Жумабеков отставкага кетиши керек»

  • 5 лет мурун

Элдик курултай өкүлү Айбек Бусурманкулов бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков отставкага кетиши керектигин билдирди.

Парламент Президент Сооронбай Жээнбековдун дагы бийликти узурпациялашына жол ачып жатканын, анын эки далили бар экенин айтты.

—Биринчи далили, алар Президент парламентке келсе, анын сөзүнө макул болушуп, Өкмөттүн отчетун кабыл алды.

Экинчиден, Дастан Жумабеков өз сөзүндө айтып жатат, эгерде Сооронбай Жээнбеков мени же каалаган депутатты чакырып, экс-президент тууралуу мыйзамды кабыл албагыла десе, биз кабыл албайт болчубуз деп.

Өзү, Жогорку Кеңеш кул мүнөз экенин, Жогорку Кеңештин кожоюну Президент экенин өз сөзү менен далилдеп жатат, — деди Бусурманкулов.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты