​Кундуз Жолдубаева: “Бийлик менен жалгыз ачык күрөшкө чыккан экс-президентти каматып коюп эл жөн отуруп калбайт”

  • 5 лет мурун

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева парламентте бүгүн, 12-июнда, көтөрүлүп жаткан Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берүү жана жоопкерчиликке тартуу аракеттерине мындайча жооп берди:

—Парламентте, албетте, татыктуу депутаттар бар, бирок жалпысынан алганда Жогорку Кеңештин болуп көрбөгөндөй төмөн рейтинги менен, Иса Өмуркулов айткандай, унчукпай эле шүк отуруш керек. Башкалар жашынып отурганда азыркы бийлик менен жалгыз ачык күрөшко чыккан экс-президентти эл каматып коюп жөн олтуруп калбайт. Эгер бийлик отту тутантам десе, анда андайды алат, —деди Жолдубаева.

Бүгүн, 12-июнда, Жогорку Кеңеште Кожобек Рысбаев, Канат Исаев, Талант Мамытов,Жанар Акаев, Иса Өмүркулов спикер Дастанбек Жумабеков ж.б. экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттар боюнча айткандарын, ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Бир катар депутаттар экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча кол топтой баштаганы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты