​Россиялык журналист Иван Голуновго козголгон кылмыш иши кыскарды

  • 5 лет мурун

Россиялык журналист Иван Голуновго козголгон кылмыш иши кыскарганын Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев 11-июнда билдирди.

Ал мындай чечим журналисттин күнөөсү далилденбегенине байланыштуу кабыл алынганын жана ал үй камагынан бошотуларын айтты.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Голунов баңгизат сатууга байланыштуу шектелип жаткан.

Иван Голунов 6-июнда Москва шаарында камакка алынган жана полиция анын жанынан жана үйүнөн баңгизат табылганын билдирген.

Журналист жана анын адвокаты баңгизатты атайлап салып кетишкенин, кармоо, тинтүү мыйзам бузуу менен коштолгонун, анын күнөөсү жок экенин айтып келген.

Бир катар эл аралык уюмдар, Орусиядагы кесиптештери, өнөр адамдары Голуновду коргоп чыгышкан эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты