​Манасты дайыма сагынабыз

Кечээ, 11-июнда, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Манас” операсы коюлду.

Операны Кытай борбордук опера театры койгон.

Анын негизги окуялары кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын “Манас” эпосунан алынып, кытай тилине Адыл Жуматурду тарабынан которулуптур.

Ал эми сценарийге Ван Сяолин айланткан.

“Манас” эпосунун операсы эки жыл бою даярдалган. Кыргызстанга – Манастын мекенине, келгенге чейин Кытай Эл Республикасынын ар кайсы шаарларында 9 жолу көрсөтүлгөн экен.

Операнын коюлушу көрөрмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Музыкасы дагы, артисттердин ойногонуу дагы, кийимдери дагы куп келиптир. Себеби кытай эли кыргыз элинин эпосун ушундай, өзүнүн окуусунда, туюусунда коёт экен.

“Манас” эпосунун өзөгүндө жаткан баалуулуктар – элине кашык каны тамганча кызмат кылган мекенчилдик, улут аралык мамиле, сүйүүгө бектик, ынтымактуулук.

Бул касиеттер бардык улут үчүн, адам үчүн керектүү, аздек.

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” операсын койгондорго, ойногон каармандардын жамаатына ыраазычылык билдирип, белектерди ыроолоду.

Келген көрөрмандар оюнду чын дилинен жакшы кабыл алышып, кол чаап, Манастап ураан чакырып да жиберишти.

Манасты сагынганыбыз ушул да, кыргыз аттуунун баары ичинен Манасты, анын эрдиктерин сагынып турганы сезилип жатты.

Кел эми, Манас! Кыргыз элиң күтүп калды дейм да эми.

Айсулуу Көкөева

Сүрөттөрү: Айсулуу Көкөева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты